Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Мексикада таштанды жайынан 51 өлүк табылды


Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, өлүктөр түндүктөгү Монтеррей шаарынын жанындагы таштанды талаасын казуу мезгилинде чыккан. Мексикада уланып жаткан маң заттары боюнча согушта буга чейин да көп санда өлүк бир жерге ташталган бир катар учурлар катталган. Ушул жылдын башында түштүктөгү Такско шаарында таштандыдан 55 өлүктү казып алышкан. Өкмөт нарко-картелдерге каршы 2006-жылы согуш жарыялагандан бери маң заттарына байланышкан зөөкүрлүктөрдө дээрлик 25 миң киши каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG