Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Акыйкатчы түштүктөгү окуяга баа берет


27-июлда Акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен Бишкекте Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Акыйкатчы аталган жыйында Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалга, июндагы коогалаңга баасын бермекчи.

Жыйынга Бириккен улуттар уюму, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар, президенттин администрациясынан, өкмөттөн, жарандык коомчулуктан өкүлдөр, адистер катышмакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG