Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Бүгүн Бишкекте митинг өтөт


Бүгүн саат 11:00дө Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында митинг өтмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Абдыкалык Рустамов билдирди. Анын айтымында, митингди “Револицияны коргоо комитети”, “Мамлекетти тазалоо кыймылы” уюштуруп, ага миң чамалуу адам катышары пландалууда.

Митингчилер 12 талап менен чыгышмакчы. Анда качып жүрүшкөн Бакиевдердин үй-бүлөсүн алып келүү, камактагы Акмат Бакиевди эл алдында жазалоо, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Топчубек Тургуналиевди ордуна коюу, Т.Тургуналиев кызматтан алган бир катар чиновниктерди өз ордуларына койбоо, президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаевди кызматтан алуу сыяктуу талаптар бар. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG