Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ аскерлеринин Ооган жериндеги жашыруун сыры ачылды


АКШ армиясынын Ооганстандагы согуш жөнүндөгү 92 миңден ашуун купуя материалдары маалымат булактарына айкын болду. Британиянын “The Guardian” жана АКШнын “New York Times” гезиттери жашыруун материлдарды көрүшкөнүн айтышса, Германиянын “Der Spiegel” жумалыгы береги “сырларды” өз сайтына чыгарды. Ачыкка чыгып кеткен документтер өлтүрүлгөн ооган жарандары жөнүндө мурда маалымдалбаган фактыларды, ошондой эле АКШнын атайын күчтөрү талип кол башчыларына каршы жүргүзгөн жашыруун операцияларды ашкере кылат. Вашингтон жашыруун материалдардын ачыкка чыгып кетишин сындады. Улуттук коопсуздук боюнча АКШ президентинин кеңешчиси Жэймс Жонстун айтымында, жашыруун маалыматты жарыялоо - көптөгөн адамдардын өмүрүнө жана өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурушу этимал.

XS
SM
MD
LG