Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Түштүк кореялык жана АКШлык аскерлердин машыгуусу башталды


Корея жарым аралында АКШ жана Түштүк Кореянын кемелери менен тикучарлары катышкан деңиз машыгуусу башталды. Төрт күндүк аскерий маневрга 20 кеме, 200 тикучак, эки жактан 8 миң аскер катышууда. Аскерий машыгуу, ырасмий Сеул ырастагандай, март айында Түндүк Кореялык торпедо тийип, түштүк кореялык кемени чөктүрүп жибергенге жооп ирети өтүүдө. Ырасмий Пхенян маневрды сындап, аны бузукулук жана өз ара мамилеге кыянаттык жасоо деп сыпаттады. Ошондой эле ага “ыйык согуш” жана “ядролук айбаты” менен жооп берилерин эскертти. Бул АКШ-Түштүк Корея аскерлеринин Кытайга чукул эл аралык сууларда өткөрчү маневрлардын алгачкысы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG