Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Германияда Сүйүү парады мындан ары өткөрүлбөйт


Германияда жыл сайын өтчү “Сүйүү парады” деп аталган техно-музыкалык фестивал мындан ары өткөрүлбөйт. Ишемби күнү Дүзберг шаарындагы фестиваль маалында туннелден өтүп баратып, 19 адам тепселип өлгөн. 350дөй адам жарадар болгон. Айрым күбөлөрдүн сөзүнчө, алаамат окуя алдында фестиваль өтчү аянтка эл жык-жыйма болуп кеткенден улам, туннелдин бир тарабы тосулуп, адамдар агылып келаткан жагы тосулган эмес. Бирок Birgitt Witt деген аял мындай деди:

-Кечээ прессада полиция адамдарды туннелге өткөрө берди деген кабар чыкты. Бул жалган. Полиция элди тосуп, башка жолго салганга аракеттенип жатты. Мен өз көзүм менен көрдүм: полиция колунан келгенинин баарын жасады.

Германиянын маалымат каражаттарынын билдиришинче, фестивалга 1 миллион 400 миңдей адам чогулган. Кырсыкты тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG