Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

ЕККУ полициясына каршы митингдер өттү


ЕККУ полициясына каршы митинг, Бишкек, 26-июль.
ЕККУ полициясына каршы митинг, Бишкек, 26-июль.

Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө киргизүүгө каршы митинг өттү. Ушундай эле митинг Ош шаарында да болду. Өткөн бейшембиде ЕККУнун Туруктуу кеңеши Кыргызстандын түштүгүнө 52 полициячы офицерди жөнөтүү маселесин жактырган эле.

Эртең менен борбордук "Ала-Тоо" аянтында башталган митинг көп өтпөй Жогорку Кеңеш имаратынын алдындгы эски аянтта уланды. Митингге чыккандар колдоруна “Кыргызстанды бөлүп-жарууга жол бербейбиз”, “Кыргыз эли ЕККУнун полициясынын киргизилишине каршы” деген жазууларды көтөрүп алышты. Аянтта жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, митингди “Кыргызстан сырткы күчтөргө каршы” кыймылы уюштуруп, ага жүз чакты адам катышты. Митингге чыккандар аянтта ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн да өрттөштү.
Митингге чыккандар аянтта ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөштү

Митингде сөз сүйлөгөндөр Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү чечимин айыптап, билйик өкүлдөрү алардын алдына чыгышын талап кылууда. Бирок түшкө чейин митингчилердин алдына бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Түштөн кийин митингчилердин беш өкүлүн президент Роза Отунбаева кабыл алганы кабарланды, бирок анын жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Ушундай эле талапты койгон митинг Ош шаарынын борбордук аянтында да өттү. Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин кабарлашынча, митингчилердин саны миңге чукул. Алардын алдына да түшкө чейин бийлик тараптан эч ким чыккан жок. Митингчилердин бир бөлүгү түшкө чукул ЕККУнун Оштогу кеңсесин көздөй бет алды.

Митингчилер ЕККУнун аймактагы башчысына талаптарын тапшырып, маселе оң жагына чечилбесе, бейшембиде мекеменин жумурияттан чыгып кетүүсүн эскертишти. Ага улай ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөп тарап кетишти.
Митингчилер ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөштү.

ЕККУ полициясын киргизүүгө каршы митинг бүгүн Ысык-Көлдө да өттү. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, түшкү саат экиде Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына алтымыштай киши чогулду. ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизбөө талабы менен чыккандар «ЕККУ куралдуу күчтөрүнө кыргыз эли каршы» деген ураандар жазылган кагаздарды кармап турду. Митингге чыкандар «Ынтымак таянычы» коомдук бирикмеси, элдик кошуундар жана “Замандаш” партиясынын мүчөлөрү экенин “Азаттыкка” КСДПнын Ак-Суу районундагы координатору Асылбек Бабаев маалымдады. Кыргызстанга кире турган полиция куралсыз гана келип, коопсуздукту сактоо ыкмаларын үйрөтө турганын облустук бийлик өкүлдөрү түшүндүргөн менен митингге чыккандар ага ынанбай өлкө президентине кайрылуу жолдошту. Караколдогу бул митинг жарым саатка созулду

Президент Роза Отунбаева буга чейин ЕККУнун полиция күчтөрү түштүктө Кыргызстандын күч органдарына укуктук жактан тренинг өтүп, кеңеш берип, мониторинг жүргүзүп, жардам беришерин айткан болчу.

ЕККУ полициясына каршы митингдер Бишкекте өткөн жумада да өткөн. Ошол эле учурда буга чейин айрым укук коргоочулар Кыргызстанга EККУ күчтөрүн киргизүү талабы менен чыгышкан.

Тасмада: ЕККУ полициясына каршы 26-июлдагы митинг.
ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00


XS
SM
MD
LG