Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Апрель окуясында каза болгондордун саны 87 адамга жетти


Апрель окуясында көкүрөгүнө ок тийип, оор жаракат алган Бедил Чаргынов Москванын №23чү ооруканасында бир нече оор операциядан кийин көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам көрсөтүү башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, апрель окуясында ок тийип жарадар бологон 16 адам Москванын ооруканаларына жөнөтүлүп, алардын 13чү сакайып келишкен. Учурда Москвада оор операция жасалган Кыргызстандын эки жараны дарылануусун улантууда. Ош окуясында катуу жаракат алган бир жаран жакын арада Москванын клиникаларынын бирине жөнөтүлөт. Апрель окуясында ок тийген дагы бир адамга сентябрдын орто ченинде Москвадан операция жасатылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG