Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Президент Р.Отунбаева Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды


Дүйнөлүк банктын стратегиялык жана операциялар боюнча директору Тедо Аллерс баштаган делегация менен жолгушууда мамлекет башчысы Р.Отунбаева өлкөдө туруктуулукту орнотууда, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө, улуттар ортосундагы биримдикти чыңдоодогу кыйынчылыктарга кыскача токтолду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тедо Аллерс түштүккө барып, эл менен жолугушуп, абалды жеринде таанышарын, Дүйнөлүк банк зарыл жардамдарды берүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле 27-июлда Бишкекте өтүүчү донорлордун эл аралык конференциясында башка донорлор дагы Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө ишеними зор экенин айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG