Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Т.Тургуналиев: Ыңкылапты коргоо боюнча кыймылдын курултайы болот


Апта соңунда өтүүчү коомдук-элдик кыймылдын курултайында ыңкылапты коргоо, мамлекеттик бийликти тазалоо маселеси көтөрүлөт. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында,“Тазалануу жөнүндө” (О лютрации) мыйзам долбоору даярдалып бүттү. Ага ылайык А.Акаевдин, К.Бакиевдин тушунда мамлекеттик казынага кол салган чиновниктерин, “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүн башкаруу бийлигине кызматка кюу чектелет. Жакын арада бул долбоор Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө таратылат.

Буга чейин “Тазалануу жөнүндө” (О лютрации) мыйзамды кабыл алуу демилгесин “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов көтөрүп чыккан. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү болсо Кыргызстанда бул мыйзамды кабыл алуу кооптуу экендигин билдиришип, азырынча зарылдыгы жоктугун айтышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG