Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Президент Р.Отунбаева митингге чыккандардын айрым өкүлдөрүн кабыл алды


ЕККУнун полиция күчтөрүн түштүккө киргизүүгө каршылык билгизген адамдардын беш өкүлүн, Жер-үй алтын кени боюнча нааразылык билдиришкендердин 5 өкүлүн президент Р.Отунбаева жабык эшик артында кабыл алды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жанында “Тазалануу жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу, Техникалык өкмөттөгү айрым кызматкерлерди кызматтан кетирүү, президенттин администрация башчысы Э.Каптагаевге ишеним көрсөтпөө жана башка талаптар менен 5-6 топ митинг өткөрүштү. Айрымдары ушул тапта президенттин кабыл алуусун талап кылышып Жогорку Кеңештин эшигинин алдында турушат. (AJ)

XS
SM
MD
LG