Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Э.Султанов: Ошто баш аламандык боюнча кылмыш иштери сотко өткөрүлөт


Ош шаарында жана облуста июнь айындагы массалык баш аламандык боюнча 645 кылмыш иши козголгон. Алардын 65и адам өлтүрүү, жетөө адам уурдоо, курал-жарак сактаган 12, автунааларды уурдаган факты боюнча 100, бөлөк бирөөлөрдүн мүлкүн өрттөгөн делип 412 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эркин Султанов бүгүн Ошто маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ыкчам иликтөө боюнча түзүлгөн 9 топ учурда 43 кылмыштын бетин ачып, ага тиешелүү делип 122 адам кармалган. Алардын 114тү камакка алынган. Тергелип-иликтенип бүткөн 6 кылмыш иши сотко өткөрүлөт.

25-июлга карата 163 адамдын сөөгү табылып, алардын 133нүн өздүгү такталган. Облус боюнча дайынсыз жоголгон 45 адам катталып, алардын 22си тирүү табылып, 15 адам азырынча табыла элек.
Облус боюнча 18 граната, 54 ок атуучу курал, 527 ок-дары алынган. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG