Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Уго Чавес АКШга мунай өткөрбөй коерун эскертти


Венесуэланын президенти Уго Чавес “эгерде Колумбия Венесуэлага чабуул коерун АКШ колдосо, Америкага мунай өткөрбөй турганын” айтты. Ошондуктан ал Вашингтонду Колумбиядагы кризиске аралашпоого чакырды. Колумбиялык 1500 козголоңчу Венесуэлада экени маалым болгондон кийин, өткөн аптада Венесуэла бул өлкө менен дипломатиялык алакаларын токтоткон. Чавес: “Непада АКШнын үгүтү менен Колумбия Венесуэлага кол салса, биз ачкадан таш жеп калсак да, АКШга бир да тамчы мунай жөнөтпөйбүз”, - деди.

XS
SM
MD
LG