Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Т.Тургуналиевге мамлекеттик кызмат сунушталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин мурдагы жетекчиси Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында ага президенттин саясий маселелер боюнча кеңешчиси кызматы сунушталган.

Ал өз сөзүндө президенттин саясий кеңешчиси болууга макул экенин, ал кызматка баргандан кийин да мурда көтөрүп чыккан люстрация мыйзамын киргизүүгө аракет кыларын билдирди.

Т.Тургуналиев Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп турганда мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдер менен тыгыз иштеп, аларга мамлекетти тоноого көмөктөшкөн адамдардын бардыгын мындан ары мамлекеттик кызматка албоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Айрым адамдарга карата люстрация иш-чарасын же мыйзамдык жактан чектөөлөрдү киргизүү учурдун талабы экендигин, антип башкаларга сабак кылбаса коррупциялашып, чирип кеткен мамлекеттик системаны оңдоо кыйынга турарын айтып келаткан.

PS. Люстрация (лат. lustratio) – бул айрым адамдарды мыйзамдык жактан чектеген саясий практика. Ал айрым жарандардын профессионалдык, диний, партиялык ж.б. өңүттөгү ишмердүүлүгүн иликтеп, аларга мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, профессионалдык ишмердүүлүгүн аткаруусуна тыюу салып, жеке турмушу тууралуу маалыматтардын ээн-эркин таркатылышына жол берет. (IJz)

XS
SM
MD
LG