Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:16

Ирак: Кербалада жанкечтилердин чабуулунан 21 киши өлдү


Дүйшөмбү күнү (26-июлда) Ирактын түштүгүндөгү шииттердин ыйык шаары Кербалада эки автомобилге коюлган бомбадан 21 киши набыт болду. Кандуу чабуул шииттердин 12-имамы Мехдинин туулган күнүнөн эки күн мурда жасалды. Шиит мусулмандары кайып болуп кеткен имам Мехди Кыямат күнү тирилип келет деп ишенишет. Жыл сайын Мехдинин туулган күнүн майрамдоого Кербала жана ныпталаш ыйык шаар Нежафка жүз миңдеген зыяратчылар келишет.

Кечээ “ал-Арабия” телеканалынын Багдаддагы кеңсеси жанында “ал-Каидачы” деп шектелген жанкечти жардырган бомба төрт кишинин өмүрүн алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG