Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Казак президенти Н.Назарбаевдин кыргыз досу М.Акматаев дүйнө салды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен бала кезинде баталашып дос болгон Марат Акматаев 70 жаш курагында күтүлбөгөн жерден каза болду. Ал Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында 1940-жылы жарык дүйнөгө келген.
Н.Назарбаев менен М.Акматаев 1960-жылдары Днепродзержинскидеги техникалык окуу жайда бирге окушуп, болот эритүүчү деген кесипке ээ болушуп, Карагандыдагы металлургиялык комбинатта эмгек чыйырын башташат. Кийинчерек Н.Назарбаев партиялык кызматтардан тартып, Казакстандын министрлер кеңешинин төрагасы кызматына чейин көтөрүлүп, 1991-жылдын 1-декабрында Казакстан Республикасынын президенти болуп шайланат.
Марат Акматаев болсо Кыргызстандын түштүгүндө, Чүй облусунда өндүрүштө башкы инженерлик кызматтарда иштеган. Ал жакында эле Астанага барып Н.Назарбаевдин 70 жылдык мааракесине катышып келген болчу. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG