Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

БУУнун эсеби боюнча түштүктө 400 миңдей адам жабыркаган


Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы “Гуманитардык чакырык” программасынын координатору Нил Волкер бүгүн эл аралык донорлор форумунда билдирди. Анын айтымында, Ош, Жалал-Абаддагы июндагы коогалаңда 375 миң адам өлкө аймагынан качып чыгууга мажбур болуп, учурда 75 миң адам мажбурлап көчүрүү абалында турат. Ал ошондой эле БУУнун адистери түштүктөгү кырдаалга көзөмөл жүргүзүп турушканын, ал жерде азык-түлүк менен камсыздоо коопсуздугуна коркунуч бар экенин белгиледи. Нил Волкер эл аралык донор уюмдарын Кыргызстандын түштүгүнө мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылык жардамды тез берүүгө чакырып, түштүктө үй-жайынан ажыраган адамдарга кыш түшкөнгө чейин турак-жай куруп берүү зарылдыгын айтты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG