Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Өлкө экономикасын көтөрүүгө 1 млрд. доллардан ашуун каражат керек


Бул тууралуу каржы министри Чоробек Имашев бүгүн Эл аралык донорлордун форумунда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга 1 млрд. доллардан ашуун каражат керектелет. Ал каражаттар түштүктү калыбына келтирүүгө, Камбар-Ата ГЭСтерин курууга, Датка-Кемин электр зымын тартууга жумшалат.
Ал ошондой эле алдын ала эконмикалык прогноз боюнча жыл соңуна чейин ички дүң продукту 5,4 пайызга кыскарарын, бүджетин тартыштыгы 619 млн. долларды түзөрүн, Кыргызстан эки жыл аралыгында 145 миллион сырткы карызын төлөшү керектигин белгиледи.

БУУнун КМШ жана Европа өлкөлөрү боюнча аймактык бюросунун директору Кори Удовички Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө 1 млрд. доллар каражат жумшалары тиешелүү жетекчилер тарабынан туура эсептелип, ашыкча көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанга зарыл жардамын берерине ишеним артарын билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG