Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Мамтил комиссиясы көбүнчө саясий иштер менен алектенип кеткен


Бул тууралуу «Вектор софт» компьютердик компаниясынын директору Эмил Асанов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2000-жылдан бери Мамлекеттик тил комиссиясы президенттик шайлоого катышуучу кыргыз тилин билбеген талапкерлерди четтетүү иштерине гана пайдаланылып, мамтилди өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоо болбой келген.

Ал ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн атайын улуттук программа иштелип чыгып, бала-бакчалардан баштап окутуп, мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү керектигин, компьютерге кыргызча Тамга-Кит программасын киргизүү зарылдыгын айтты.

Мамлекеттик тил комиссиясы 1998-жылы түзүлгөн. Быйыл жыл башында мамлекеттик тил комиссиясы жоюлуп, анын милдеттери Маданият жана тил агенттигине берилген.

13-июнда президент Роза Отунбаева “Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы боюнча” декретке кол коюп, кыргыз тилинин баш мыйзамда көрсөтүлгөн макамын көтөрүү, мыйзамдык негизин чыңдоо жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, мурдагы Маданият боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү агенттиги жоюлуп, анын ордуна Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы түзүлдү. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG