Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси М.Аманкулов кызматтан алынды


Мындай буйрукка президент Роза Отунбаева кол койгонун Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.
7-апрель Элдик ыңкылабынан кийин Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине Топчубек Тургуналиев дайындалган. Анын токой чарбасындагы бир катар кызматкерлерди кызматтан алганына нааразы болушкан 200дөн ашуун кызматкер Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын уюштуруп, Т.Тургуналиевди кызматтан алуу талабын коюшкан.

23-июлда президент Р.Отунбаеванын буйругу менен Т.Тургуналиев кызматтан алынып, анын ордуна Мирслав Аманкулов айлана чөйрөнү коргоо агенттигине жетекчи болуп дайындалган.
Кечээ Т.Тургуналиевдин тарапкерлери Жогорку Кеңештин жанында митинг өткөрүшүп, М.Аманкуловду кызматтан алуу талабын коюшту.

Митингдин демилгечилеринин бири “Кыргызстан элдик кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Т.Айдаров Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Мирслав Аманкулов кызматтан алынып, анын ордуна Т.Тургуналиевдин орун басары Абдыкалык Рустамов дайындалганын, бул боюнча президенттин уруксаты бар экендигин кечээ кабарлаган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG