Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Иран санкцияларды сынга алды


Тышкы иштер министрлиги Тегеранда таркаткан билдирүүдө Иранга жаңы жазаналарды жарыялаган Еврошаркеттин чечимине "терең өкүнүү жана айыптоо" айтылат. Биримдиктин соңунан Канада да Иранга бир тараптуу санкцияларды киргизди. Кабыл алынган чечимдерде ирандыктардын атом программасы менен байланышкан ишкерлерге жана компанияларга экономика, финансы чөйрөсүндө олуттуу чектөөлөр белгиленген. Мунун алдында Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтание Тегеран өзүнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин ырастаган эле.

XS
SM
MD
LG