Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Апрель окуясында каза болгодор үчүн К.Бакиев жана анын жанындагылар жооптуу


Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана Үсөн Сыдыков, Искак Масалиев, Нариман Түлеев, Кадыржан Батыровго байланыштуу кылмыш ишин аягына чыгаруу боюнча сунуш өкмөткө берилди. Бул тууралуу 6-7-апрелдеги окуялардын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле өкмөткө “Тазалануу жөнүндө” (О люстрации) мыйзамды кабыл алуу боюнча Декрет чыгаруу, сот системасын түп-орду менен реформалоо сунушталганын белгиледи.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев болсо Минскиде маалымат жыйынын өткөрүп, 7-апрелдеги окуяга күнөөсү жоктугун билдирген.
7-апрелде К.Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршы көтөрүлгөн элге Ак үй тараптан ок атылып, андан 87 адам каза болуп, эки миңге чукул адам жаракат алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG