Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Донорлор Кыргызстанга бир миллиард доллардан ашык жардам берет


Бул тууралуу кечээ Кыргызстандын жетекчилиги менен дүйнөлүк ири донорлук уюмдардын жана мамлекеттердин жолугушуусунда маалым болду. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, донорлор Кыргызстанга алдыдагы 30 айдын ичинде 1 миллиард 100 миллион доллар беришмекчи. Анын 600 миллион доллары өлкөгө жыл аягына чейин келет.

Дүйнөлүк банктын стратегиялар жана операциялар боюнча директору Теодор Алерстин айтымында, Кыргызстанга акча бөлүп аткан ири донорлордун катарына Дүйнөлүк банк, Азиялык банк, Европа комиссиясы, ЕврАзЭШтин кризисти алдын алуу кору сыяктуу эл аралык уюмдар кирет. Ал эми президент Роза Отунбаева Бишкекте өткөн донорлор конференциясын жетишкендик катары баалады. (IJz)

XS
SM
MD
LG