Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланды


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында кечээ Уламалар кеңешинин жыйыны болуп, жаңы муфтий шайланды. Муфтийликке алты талапкердин ичинен жашыруун добуш берүү учурунда Чубак Жалилов көпчүлүк добушка ээ болду. Ага Уламалар кеңешинин 33 мүчөсүнүн жыйырма бири өз добуштарын беришкен.

Андан тышкары муфтийдин биринчи орун басары жана түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп Убайдулла Сарыбаев, орун басарлары болуп Мамбетасан Ибраев, Абдулмажит Толубаев, Лугмар Гуйахунов шайланышты.

Жыйында ошондой эле Чүй облусунун казысы болуп Руслан Жумагулов бекитилсе, Максат Токтомушев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды. Ош шаарынын казысы Шакир Маматов болду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG