Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Акыйкатчы түштүктөгү коогалаңга баасын берди


Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кандуу коогалаңга алдын-ала баасын берди.

Анын баасы боюнча июндагы коогалаңдын тамыры 1990-жылдагы кандуу кагылыштарга барып такалат. Анткени убагында ошол 90-жылдагы кагылыштардын ысымдары белгилүү күнөөкөрлөрү жазасыз калып, ал окуяга саясий баа берилбей калган. Андагы коогалаң кыргыз жана өзбек тектүүлөрдүн айрым лидерлеринин айынан болгон. Ал эми кийинчерээк рынок экономикасына өткөн маалда Ош жана Жалал-Абаддагы өзбек тектүүлөр соодага бат ыңгайлашып, жашоолорун тезирээк оңдой башташкан. Ал жактагы кыргыз менен өзбектердин жашоо шарттары улам барган сайын айырмаланып жүрүп отурган. Натыйжада Кыргызстандын түштүгүндөгү кафе-ресторан, сауна, соода түйүндөдүн көбү өзбек тектүүлөрдүн колуна өтүп калган. Мындай социалдык теңсиздикке жергиликтүү кыргыз чиновниктеринин коррупцияга аралашып калуусу себепчи болгон.

Акыйкатчы жергиликтүү чиновниктердин коррупциялашып кеткендигин армияда кызмат кылгандардын саны менен түшүндүрөт. Маселен, түштүктө өзбек тектүүлөрдүн саны көп болгонуна карабай армияда кызмат өтөгөндөрдүн 95 пайызы кыргыздар болуп калган. Аскер комиссариаттары пара алып, өзбек тектүүлөрдү аскерге кызмат өтөөдө бошотуп турушкан.

Т.Акундун баасы боюнча мындай абалда эки тараптын ортосунда тымызын тирешүү өсүп отурган. Жергиликтүү элдер, биринчи кезекте өзбектер курал менен камсыздала баштаган. Буга маң зат аткезчилери кошул-ташыл болгон. Мунун баарына күч органдары, бийлик көз жумуп келген.

Акыйкатчынын баасы боюнча ушундай чыңалуу өсүп отуруп, июнь айындагы кагылышты биринчи өзбек тараптын лидерлери баштаган. Алар карапайым өзбек тектүүлөрдү кагылышка түртүп, андан ары аны Өзбекстанда улантууну көздөшкөн. 10-11-июндагы кагылышта түн ичинде өзбектер жыш жашаган жерлерде салют атылып, түнкү саат экиде азан чакырылган. Андан соң дароо массалык баш аламандык башталган.

Андан ары Акыйкатчы өзбек тектүүлөр баштаган баш аламандыкка кыргыз тараптын катуу жооп берүүсүн актабай турганын айтат. Анткени кыргыз тарапты өз ичинен айрымдары көкүтүп, туура эмес маалыматтарды таркатышкан. Натыйжада эки тараптан тең ондогон адамдар набыт болгон. Ал эми ошол окуялар тууралуу маалыматтар дүйнөгө бир тараптуу таркап кетти.

Т.Акун бул окуяга байланыштуу күч органдарына карата суроо узатат. Эмне себептен коогалаң маалында кыргыз тарап курал-жарактарды тартып алышканы, буга кандайча жол берилгени, кандайча өзбек тектүүлөрдүн ар бир үй-бүлөсүнө чейин курал-жарактуу болушканы суралат. Ошондой эле ал окуяны анализдей келгенде, абалдын курчушуна өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров себепчи болгонун айтат. Ал эми өз кезегинде окуяны башталышында эле басууга чара көрбөгөн Улуттук коопсуздук кызматы баштаган күч органдарына көптөгөн суроолор бар экенин айтат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG