Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Р. Блэйк: Кыргызстан түштүк чек арасын кыраакы күзөтүш керек


Кыргызстан Тажикстан тараптан өлкөгө кирүүгө аракеттенген Ооганстандагы ислам согушчандарынан этият болушу керек. Мындай билдирүүнү АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Роберт Блэйк 27-июлда АКШнын Хельсинки комиссиясындагы угуу учурунда жасады:

-Менимче, өлкө түштүгүндөгү Тажикстан менен болгон чек арасы өзгөчө тынчсыздандырат. Ооганстандагы айрым согушчандар мына ушу жактагы чек ара аркылуу Кыргызстанга кирип, кырдаалды курчутканга аракет кылышы этимал.

Өткөн жумада Кыргызстанда сапарда болуп кайткан Роберт Блэйк өз сөзүндө Россия Борбор Азия мамлекеттерине “чек ара маселесинде айрым жардамдарды көрсөтүшү” ыктымал экенин да айта кетти.

Кыргызстандын түштүгүндө ислам радикализминин коркунучу бар экенин Вашингтондогу Кыргыз элчилигинин убактылуу башчысы Аслан Анарбаев да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG