Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

АКШ Конгресси Ооганстандагы аскерий иштерге дагы 33 млрд. доллар бөлдү


АКШ Конгресси чыгымдар боюнча 58,8 миллиард долларлык мыйзам кабыл алды. Ал акчанын 33 миллиард доллары Ооганстандагы жана 4,1 млрд.доллары Ирактагы согуштук операцияларга, 2,9 млрд. доллары катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан Гаитиге сарпталат. Сенат мыйзамды өткөн аптада бекитип, бирок Өкүлдөр палатасы АКШда жаңы жумуш орундары жана билим берүү үчүн болжогон миллиарддаган долларды кесип салды.

Тийиштүү мыйзамдын кечеңдеши Пентагонду кыжаалатка салып жаткан. Эми Конгресс бекиткен мыйзамга президент Барак Обама кол коюшу керек.

XS
SM
MD
LG