Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Француз генералы ЕБнын Косоводогу полиция күчтөрүн жетектейт


Евробиримдиктин Косоводогу полиция күчтөрүнүн башчылыгына отставкадагы француз генералы Хавьер Бут де Марнхак дайындалды. Генерал Марнхак Косово өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаган 2008-жылы НАТОнун Косоводогу миссиясын жетектеген. Ал жаңы кызматка 15-октябрда киришет. Азыр Евробиримдиктин 2 миң колдуу полиция күчүн отставкадагы француз генералы Ив де Кермабон башкарат.

Косовонун ички иштер министри Байрам Режепи де Марнхакты “жаңы кызматка татыктуу адам” деп, ал Косово бийликтерине жана эл аралык администрацияга баш ийбеген сербдердин ээлигиндеги жерлерди көзөмөлгө алуу үчүн дайындалганын белгиледи.

Евробиримдиктин полициясы Косовонун сот органдары уюмдашкан кылмыштуулук жана жемсөөлүк менен кандай күрөшүп жатканына да көз салууга милдеттендирилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG