Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

“Макмал алтын” комбинатынын жумушчулары эртең иш таштайт


Бул тууралуу иш таштоо демилгечилер тобунан Адамкалый Түмөнбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Макмал алтын” комбинатынын эмгек жамааты “Кыргыз алтындын” президенти Алмазбек Жакыповду кызматтан кетирүү талабы менен Убактылуу өкмөткө кайрылгандан эч бир майнап чыкпагандан улам комбинатты жабуу чечимине келишти.

“Макмал алтын” комбинатынын жумушчулары президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошуп, анда “Кыргыз алтындын” жетекчиси Алмазбек Жакыповду убагында Максим Бакиев, Алексей Елисеев менен байланышып комбинаттан 75 кг. алтынды жок кылганы, “Макмал алтын” комбинатындагы иштин солгундашына түздөн-түз тиешеси бардыгы көрсөтүлгөн.

“Кыргыз алтындын” жетекчиси Алмазбек Жакыпов "Азаттыкка" нааразы тараптын коюп жаткан дооматтары негизсиз экендигин билдирип, нааразылык иш-чарасын ага каршы атайын кызыкдар күчтөр уюштуруп жатат деп эсептейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG