Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Бишкекте Мирслав Аманкуловду колдогон митинг өтүүдө


27-июлда президент Роза Отунбаеванын буйругу менен кызматтан алынган Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Мирслав Аманкуловдун кызматтан алынышына нааразы болушкан республиканын аймагындагы токой чарбасынын кызматкерлери иш таштаганын Жогорку Кеңештин жанында өтүп жаткан митингде айтылды. Нааразылык акциясына чыккан 500гө чукул адам бийликтен Мирслав Аманкуловду кайрадан аталган агенттикке жетекчилик кызматка дайындоону талап кылышууда.

Буга чейин 7-апрель Элдик ыңкылабынан кийин аталган агенттикке жетекчи болуп дайындалган Топчубек Тургуналиевге токой чарбасынын айрым кызматкерлери нааразы болушуп митинг өткөрүшүп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Т.Тургуналиев кызматтан четтетилип, анын ордуна М. Аманкулов дайындалган.

Беш күндөн кийин Т.Тургуналиевдин тарапкерлери М.Аманкуловго каршы митинг уюштурушуп, кечээ ал кызматтан алынып, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилигине Абдыкалык Рустамов дайындалды. (AJ)

XS
SM
MD
LG