Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Түштүктө тополоңдон жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо каралды


Бүгүн президент Роза Отунбаеванын катышуусунда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү түштүктөгү калкты турак-жай менен камсыз кылуу маселесин талкуулашты. Жыйында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын айрым участокторунда, Базар-Коргон районунда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын, айрым туругундар көп кабаттуу үйлөрдө жашоодон баш тартып жатканын белгиледи.

Миграция министри Айгүл Рыскулова түштүктө калкты жумуш менен камсыз кылуу жана ички миграцияга байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттерге токтолду.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер түштүктөгү калкты турак-жай менен камсыз кылуу стратегиясын ишке ашыруу үчүн 17,5 миллион доллар зарылдыгын белгилеп, бир катар донор уюмдары каражат бөлүү боюнча иштеп жатканын билдирди.

Кытайлык ишкерлердин өкүлү Кытайдан курулуш материалдарын арзан баага алып келүүгө даяр экендиктерин айтты.
Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG