Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары мөөнөтүнөн мурда бошотулду


Бүгүн президент Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Чубак Абышкаев Аскер сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткарган жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан, Серик Абиев менен Тилек Абдырашитов Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьясынын кызмат ордуларынан, Болот Дүйшенбиев Балыкчы шаардык сотунун судьясынын кызматынан, Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын кызмат ордуларынан Таалайбек Эралиев, Бейшеналы Сайдылдаев, Оторбай Жаркимбаев, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарган жергиликтүү соттун судьясынын кызмат орундарынан Марат Султанов, Куанбек Кыргызбаев, Камелдин Базаркулов, Өмүрбек Закиряев, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соттун судьясынын кызматынан Эсенжан Абылкасымов, Бишкек шаарындагы экономикалык иштер боюнча райондор аралык соттун судьясынын кызмат ордуларынан Мыктарбек Алымкулов, Элмира Байтикова, Талас райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарган жергиликтүү соттун судьясы кызматынан Салтанат Эсенкулова, Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарган жергиликтүү соттун судьясы кызматынан Мактым Калимбетова, Ысык-Көл райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарган жергиликтүү соттун судьясы кызматынан Рахимжан Аскаров, Ысык-Көл областындагы Түп райондук соттун судьясы кызматынан Жумабек Мамытов, Ош шаардык соттун судьясы кызматынан Бурханидин Нурмаматов четтетилишти.

Жарлык кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG