Алардын арасыда эки АКШ жараны бар экени такталды. Мурда айтылган беш киши тирүү деген маалымат жалган болуп чыкты. Пакистандагы менчик компанияга тиешелүү «Эйрбас 321» учагы Карачиден Исламабадга бараткан жолдо Исламабаддын борборуна эки чакырым жетпей кыйроого учурады. Азырынча кырсыктын себептери так айтыла элек. Пакистанда аза күтүү жарыяланды.