Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

К.Байболов: ЕККУнун полиция күчтөрүнүн түштүккө киргизилиши пайдалуу


Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министри Кубатбек Байболов Ички иштер министрлигинин башкармалыктарынын жетекчилери жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, ЕККУнун полиция күчтөрүнүн Кыргызстандын түштүгүнө киргизилиши Европа, АКШ менен өз ара мамиле түзүүгө саясий жактан өтө маанилүү болуп эсептелет.
Ал ошондой эле ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга тартип коргоо кызматкерлери натыйжалуу иш алып барышарын, бизнес чөйрөсү менен ички иштер органынын ортосунда ишенимди түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууда ишкерликтин коопсузудугу, экномиканы көтөрүү боюнча көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды чечүүгө бир катар пайдалуу сунуштар айтылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG