Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Саңсарлап өлтүрүлчү ирандык аялдын адвокаты жоголуп кетти


Иран соту ташбараңга алынып өлтүрүлсүн деп өкүм чыгарган аялдын адвокаты дарексиз жоголуп, анын эки тууганы камакка алынганын эл аралык "Мунапыс" уюму кабарлады. Адвокат Мохаммед Мустафаейи Иранда кылмышкер деп айыпталган адамдарды саңсарлап өлтүрүүгө каршы эл аралык нааразылык кыймылын уюштурууга жардамдашып жаткан.

Ай башында Сакине Мохаммади Аштиани саңсарлап өлтүрүлсүн деген өкүм чыккан. Соттун өкүмү аткарылдыбы же жокпу азырынча беймаалым.

"Мунапыс" уюмунун билдиришинче, Мустафаейи 24-июлда Тегерандын Эвон абагына суракка чакырылып, кайра келесиң деп койо берилген. Ошондон бери адвокаттын кайда экени белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG