Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

«Жаңы муундун көз карашы» сынагынын жыйынтыгы чыкты


«Балдар Медиа-Борбору» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» корунун жана Улуттук телерадиокорпорациясынын колдоосу менен «Жаңы Муундун көз карашы» аттуу эң мыкты аудио жана видеороликтерге сынактын жыйынтыгын жарыялады. Сынактын максаты – Кыргызстандыктар арасында оң багыттагы баалуулуктарды калыптандыруу. Жюрилердин кароосуна 57 видеоролик жана 5 аудиоролик келип түшкөн. Ага 40тан ашык жаштар катышышты. Тандоо комиссиясынын чечими менен жеңүүчүлөр жарыяланып, алар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Видеоролик категориясы боюнча жети катышуучунун ар бири 500 доллардан сыйлыкка арзышты. Алар, Асаналиев Уланбектин «Сакта», Карыбекова Айзаданын «Биз ишенебиз», Айсулуу Курманбек кызынын «Биримдик», Жетигенова Алина менен Динара Каныбек кызынын «Сен бул дүйнөгө эмне бересиң?..», Абдраимов Изаттын «Насос», Эргешов Мараттын «Лифт», Гатауллин Тахирдин «Биримдик» аттуу видеороликтери. Дагы жети катышуучуга 200 доллардан кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

«Бул долбоордун негизги өзгөчөлүгү анын өлкөдөгү абалды турукташтырууга, чыр – чатактуу потенциалды төмөндөтүүгө жана калктын Кыргызстандын бутуна турушуна медиаөндүрүштү түзүү жана кеңири жайылтуу аркылуу катышуусуна багытталгандыгында. Жаштар өлкөдөгү тынч жашоо үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды жана баалуулуктарды издөө, түзүү жана жайылтуу процессине катышышты»,- деп долбоордун максаттары тууралуу айтып берди «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар Программасынын директору Баглан Мамаев.

Баалоо комиссиясы 10 адамдан турган. Ага ММКнын, продюсердик борборлордун, маалымат порталдарынын, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, фотографтар киришкен.

Социалдык роликтер кайдыгерликти жоюуга багытталып, коомдо толеранттуулукту, биримдикти жана ынтымакты ойготууга, демократиялык баалуулуктарды илгерилетүүгө өбөлгө түзүүсү керек болгон. Ошондой эле, төмөндөгү критерийлерге ылайык келүүсү абзел эле: маалыматтын калк арасында актуалдуулугу, жаңычылдык, чыгармачылык мамиле, техникалык сапат.

Эң жакшы иштер улуттук теле каналда көрсөтүлүп, интернет-порталдарда жайгаштырылмакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG