Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чараcы өтөт


Бүгүн 29-июль күнү саат 11:00дө Акыйкатчынын кеңсесинде белгилүү укук коргоочу, экономист, публицист Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы болот. Ага Акыйкатчы Турсунбек Акун жана Ш.Назаркуловду жакшы билген укук коргоочулар катышат.

Ш.Назаркулов бүгүн 60 жашка толмок. Ал Акаев режимине каршы саясий ачкачылыкка чыгып 22 күн ачкачылык кармаганынын натыйжасында көз жумган. “Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү жана адам укуктарынын сакталышына Ш.Назаркуловдун орду баа жеткис”,- дейт Акыйкатчы. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

XS
SM
MD
LG