Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Тогуз-Торо эли президентке кайрылуу жолдоду


Кыргызстанда шарты эң оор аймактарынын бири болгон Тогуз-Торо районунун 157 тургуну президент Роза Отунбаевага кайрылуу катын жолдошту. Анда тогузторолуктар “Макмал” алтын иштетүүчү комбинаттын жетекчиси Алмаз Жакыповго ишеним көрсөтүп, аны кызматтан алабыз деген күчтөргө каршылык билдиришкен. Кайрылууда мурунку президент К. Бакиевдин сааналаштары болгон Максат Тезекбаев, Шайбек Арзыматов, Адаш Түмөнбаев “Макмал” комбинатынын жетекчиси Алмаз Жакыповдун ишмердигине тоскоолдук көрсөтүп, эч иштетпей жаткандыгы айтылат. Тогуз-Торо эли президентке райондогу кризиске баткан “Макмал” алтын комбинатын кайрадан ишке киргизген Жакыповго каршы иш-чаралар уюштуруп жаткандарды тартипке салып, жергиликтүү тургундардын тынч иштешине шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылууда. (EK)

XS
SM
MD
LG