Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

И. Исаков Еврокомиссиянын өкүлү менен жолугушту


“Азаттык” демократиялык партиясынын лидери Исмаил Исаков 28-июлда Еврокомиссиянын Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча өкүлү Гуннар Виганд менен жолугушту. Анда негизинен өлкөнүн түштүгүнө ЕККУ полиция күчтөрүн киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков ЕККУ күчтөрүн Кыргызстан аймагына киргизүүгө каршы болуп келет. Генерал “Кыргызстан өз ичиндеги маселени өзү чечиши керек” деген турумун түштүктө июнь айында орун алган тополоңдун алгачкы күндөрүндө эле жар салган. Еврокомиссия өкүлү менен болгон жолугушууда Исмаил Исаков бул пикирин дагы бир жолу кайталады. Бут тууралуу “Азаттык” демократиялык партиясынын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG