Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

“Эл арманы” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курамына кирди


Бул тууралуу бүгүн “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов маалымат жыйынында билдирди. Эки партия жетекчилиги учурдагы өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алуу менен парламенттик шайлоого чогуу аттануу чечимине келишкен. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда саясий партиялар саны 140тан ашып кеткенин белгилеп, бул саясий жана социалдык жактан майдаланууга алып келип жаткандыгын айтты.

“Эл арманы” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерлери өз биригүүсүн юридикалык жактан Шайлоо тууралуу кодекс толукталып бүткөндөн кийин бекемдей тургандыгын маалымдашты. (EK)

XS
SM
MD
LG