Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

ЕККУ полициясына каршы акция уланды


Жогорку Кеңеш имаратынын алдында өткөн митингге 200гө жакын адам катышып, ЕККУ полициячыларынын киришине каршылык билдиришти. Акцияга чыккан жаштар ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөшүп, "биз Кыргызстанда Косово, Сербия, Грузиядагыдай абал кайталанышын каалабайбыз" деп жар салышты. Бул тууралуу “Кыргыз эли сырткы күчтү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылынын өкүлү Улан Сооданбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын маалыматына ылайык, ушул мазмунда митинг бүгүн Ош, Каракол жана Талас шаарларында да уюштурулду. Акция уюштуруучулары эртең ЕККУ полиция күчтөрүнүн киргизилишине каршы маалымат жыйынын өткөрүшөт. (EK)

XS
SM
MD
LG