Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Ислам тилектештик кору Кыргызстанга 50 миң доллар бөлдү


Бүгүн тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Ислам конференциясы уюмунун баш катчысынын орун басары, элчи Атаа Ал-Маннан Бахит менен жолугушту. Ислам конференциясы уюмунун баш катчысынын орун басары кыргыз министрине өлкөнүн түштүгүндө жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн 50 миң доллар эсебинде чек тапшырып, уюмдун баш катчысы Э.Ихсаноглунун Кыргыстандагы кырдаалга тынчсызданып жатканын, анын кыргыз элине бейпилдик жана тынчтык кааларын билдирди. Кыргыз тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Ислам конференциясы уюмунун катчылыгына көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG