Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Иракта бомба жарылуудан төрт аскер набыт кетти


Ирактын коопсуздук кызматтарынын айтуусунда, жарылууда жыйырма эки адам жарадар, төрт аскер курман болду. Өлкө түндүгүндөгү Салахеддин провинциясынында жайгашкан Ал Шаркат аскерий базасынын жанында бомба жарылып, он эки адам жаракат алып, үч солдат өлгөн. Борбордук Ирактагы эки бомба жарылуудан он киши жаракат алып, бир аскер көз жумду. Ал ортодо Ал Каида «Ал Арабиа» сыналгысы аркылуу бул жумадагы Багдадда болгон жардырууну өз мойнуна алды, анда автоунаага коюлган бомба жарылып төрт киши өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG