Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Өздүгү такталбай жаткандарга ДНК анализи үчүн үлгүлөр алынды


Түштүктөгү кандуу тополоңдо каза таап, таанылбай калгандардын ата-жөнүн тактоо үчүн 184 үлгүдө биологиялык материал алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн маалымдашты. Учурда Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДНК анализ жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ош облусу боюнча таанылбай калган өлүктөрдүн саны 59 адамды түзөт. Алардын жетисинин сөөгү дагы эле жерге бериле элек. Жалал-Абадда бир адамдын сөөгү таанылбай жатат.

Июнь айындагы окуяларда Ош менен Жалал-Абадда расмий эсепке ылайык 356 адам каза тапкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза тапкандардын 91% эркектер, 7, 5% аялдар жана 1% балдар. Өлкө президенти Роза Отунбаева түштүккө сапары маалында коогалаңда набыт болгондордун саны расмий эсептен бир кыйла көп болушу мүмкүн экенин айткан.

20-июндан бери аты-жөнү такталбаган 67 сөөк жерге берилип, кийин булардын он бешин жакын туугандары кийим-кече, сүрөттөрү аркылуу таанышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG