Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Орозодо Ошто коменданттык сааттын мөөнөтү кыскарышы мүмкүн


Жаңыдан шайланган муфтий Чубак ажы Жалилов бүгүн Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Муфтий губернаторго орозо маалында Ошто коменданттык сааттын мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчү менен кайрылды. Чубак ажы Жалилов жолугушууда муфтияттан бир катар диний ишмерлер түштүктө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, стабилдүүлүктү орнотуу боюнча салым кошуп жаткандыктарын билдирди. Муфтий муфтияттын жарымы мындан ары Ошто жайгашып, аймактагы диний мекемелердин ишмердигине көз салаарын айтты. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG