Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Маданий ишмер Марлен Темирбеков дүйнө салды


Маданият жана көркөм өнөр чөйрөсү оор жоготууга учурады. 2010-жылдын 29-июлунда, 77 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу ырчы, коомдук ишмер, профессор-окутуучу Марлен Темирбеков дүйнө салды.

Маркум менен коштошуу 2010-жылдын 30-июлунда саат 10до Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Марлен Темирбеков дүйнөлүк, совет жана кыргыз операларында башкы ролдорду аткарган. П. Чайковскийдин “Евгений Онегининде” Онегиндин, “Иолантада” Роберттин, “Черевичкисиде” Шайтандын, “Пиковая дамасында” Елецкийдин, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин “Манас” операсында Чубактын, “Айчүрөктө” Канчоронун, М. Раухвергердин “Жамыйласында” Даниярдын, Ш. Гунонун “Фаустунда” Валентидин, Ж. Бизенин “Карменинде” Эскамилионун, Ж. Россинин “Сивильялык чачтарачынан” Фигаронун ж.б. партияларды аткарган.

“Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, “Эмгек ардагери” медалдары, “Данакер” ордени, КРнын Жогорку Кенешинин, Молдова Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. (EK)

XS
SM
MD
LG