Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Президенттин Баткендеги иш сапары аяктады


Президент Роза Отунбаева Баткен облусундагы бүгүнкү иш сапарынын соңунда Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заодунун иши менен таанышты. Жумушчулар менен баарлашкан президент бул заводдун облус экономикасын көтөрүүгө кошкон салымы зор экенин белгилеп, Баткен облусунун потенциалы жогору болгондуктан инвестиция тартуу иштери токтоп калбашы керектигине токтолду.

Кызыл-Кыя цемент заводунун курулушу 2006-жылдын октябрында башталып, 2009-жылы декабрда ишке кирген. Жылына 968 тонна цемент чыгарчу кубаттуулуктагы бул заводдо азыр 700дөн ашык адам иштейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG