Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Грузия украиналык ун тарткан кемени камакка алды


Грузиянын чек арачылары өзүн Грузиядан төбөлсүз деп жарыялаган Абхазияга бараткан украиналык кемени 12 мүчөсү менен кошо камакка алды. “Рустави-2” телеканалынын кабарлашынча, ун жүктөлгөн украиналык кеме Грузиянын Поти деңиз портуна токтотулуп, азыр тергөө жүрүүдө.

Грузия жикчил Абхазия менен Түштүк Осетияга Тбилисинин макулдугу жок экономикалык ишкердик кылуусуна тыйуу салган. Грузия былтыр Абхазияга бараткан же Абхазиядан чыгып кетип жаткан төрт кемени колго түшүргөн.

XS
SM
MD
LG