Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

"Ал-Кайида" Багдадда туусун көтөрдү


“Ал-Кайиданын” согушчандары Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн 23 мүчөсүн өлтүргөндөн кийин, террорчул уюм Багдадда кыска мөөнөткө желегин көтөрдү. 29-июлда Багдаддын четиндеги суннилердин Азамия шаарчасында “ал-Кайидачылардын” чабуулунан Ирак армиясы 16 аскерин жоготту. Ошол замат буга жакын жайга террорчул уюм туусун орнотту.

29-июлда таң эрте Саддам Хусейин туулган Тикрит шаарына жакын жердеги Ирак армиясынын базасынын дарбазасын жанкечти микроавтобус менен сүзүп, төрт аскер өлдү. Тикритте Ирактын мурдакы президенти Саддам Хусейин туулган.

Ирактын батышындагы Фаллужа шаарында жолго коюлган бомбага кабылып, черүүдө жүргөн эки жоокер курман болду. Түндүктөгү Мосул шаарында полициянын машинесине коюлган бомбадан полициянын бир кызматкери набыт кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG