Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Армениялык-АКШлык адвокаттар Түркияны сотко беришти


Армениялык жана АКШлык адвокаттар Түркия өкмөтүнө жана өлкөнүн борбордук банкы менен "Зираат Банкаши" банкына доомат коюшуп, АКШнын федералдык сотуна тийиштүү документтерди тапшырды. Адвокаттар Осмон империясынын акыркы жылдары азыркы Түркиянын аймагынан сүрүлүп чыккан армяндардын там-мүлкү мыйзамсыз басып алынган дешип, ошол дөөлөттөр үчүн алардын бала-чакаларына компенсация төлөп берүүнү талап кылышат.

Калифорниялык прокурор, теги армян Марк Герагос сот биринчи кылмыш ишин Осмон империясында армяндарды кыруу үчүн Түркия Республикасынын өкмөтүнө каршы ачат деп ишенет.

Адвокаттардын ырасташынча, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда түрк жетекчилиги жана армиянын күш-күштөөсү менен 1 миллиондон ашуун армян кырылган.

XS
SM
MD
LG